30 жыл... Өлкөдөгү социалдык-экономикалык тукулжуроо, саясий туруксуздук, мүчүлүштүктөр, геосаясаттагы утулуштар... Ушунун баары мекендештерибиздин көөдөнүндө мамлекет келечегине, эгемендүүлүккө ишенбөөчүлүк туудуруп, үмутсүздүктү уялатып келатканын жашырганда не...
Башат тарыхы тээ антикалык доордон башталып, учур цивилизациясынын тушунда кылымдан ашуун убакыттан бери үзгултүксүз өткөрүлүп келаткан Олимпиада оюндарынын касиетине тан бербеске арга жок! Көз ирмемдик таймаштар, андагы Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова ж.б. спортчуларыбыздын жеңиштери улбүлдөгөн үмүт отун кайра тутантып, улутту бир кыял, бир тилекке бириктирип, чыйралтып да, шердентип койгонсуду.
Арта калган, алсыз, бечел кейпин кийген мамлекеттин, улуттун улан-кыздары бүт дүйнө назарындагы мелдеште канчалаган күчтүүлөрдөн озуп, “менмин” деген мамлекеттердин өкүлдөрүн жеңип, өз мамлекетинин туусун бийик көтөрүп атса, кантип өз мүмкүнчүлүгүңө, күчүңө ишенбей, чыйралбай коёсуң!
Ооба, Токио олимпиадасындагы кыргызстандыктардын жеңиши, алтын (буюрса!), күмүш, коло медалдары – эгемендүүлуктүн 30 жылдык мааракеси үчүн улуу белек болду! Көңүлгө алчу дагы бир жагдай, бул олимпиадада дегеле биздин спортчулардын бардыгы мыкты даярдыгын, күчтүүлүгүн, намыстуулугун көрсөттү. Спорт деген да – турмуш: оомат деген, жолдуулук деген бар, судьялар да пенде... Айрым спортчуларыбыз аз жерден гана медалга жетпей калды. Айкөл дил менен, арканды узун ыргытып, биз Олимпиадага катышкан бардык спортчуларга бирдей сый-урмат, моралдык колдоо көрсөткөнүбүз жөн.
Токио олимпиадасына катышкан кыргызстандык спортчулар менен алардын машыктыруучуларынын баары - Кыргыз Республикасынын анык баатырлары, чыныгы өрнөк жарандар!
Абдувахаб Мониев, журналист
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн