Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 03:27
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Унаа алып, акчасын бербей койгон жаран кармалды

14.03.2022 09:35
766
Унаа алып, акчасын бербей койгон жаран кармалды

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 28-февралында Аламүдүн РИИБине1980-жылы туулган А.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш эркек киши анын ишенимине кирип 115 миң сомго автоунаасын алып, алгач 10 миң сомун берип, калган 100 миң сомдон ашуун акчасын бербей качып жүргөнүн билдирген.


Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.


Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон 1991-жылы туулган А.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.


Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн