Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Унаа алып берем деп 10 миң доллар алып, из сууткан жаран кармалды

Унаа алып берем деп 10 миң доллар алып, из сууткан жаран кармалды

10 миң доллар алып алдап, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.


Белгилүү болгондой,  2020-жылдын 1-июнунда Т.Н. шаардык тургундан 10 миң 500 доллар алып, унаа алып келип берүүгө ишендирген. Акчаны алгандан кийин жаран из сууткан. 


Алданган жаран 28-январда милицияга арыз менен кайрылган. Арыз КЖБРне "Алдамчылык" беренеси менен катталган. 

Биринчи Май райондук милициянын ыкчам чара көрүү тобу 1970-жылы туулган Т.Н. аттуу жаранды кармап, тергөө абагына киргизген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн