Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:02
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Унаа, дарбыз, пияз. Чек арадан мыйзамсыз ташылган жүктөр аныкталды

16.09.2021 12:57
1006
Унаа, дарбыз, пияз. Чек арадан мыйзамсыз ташылган жүктөр аныкталды


Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттарына жакын товарларды эсепке алуу пункттарында тиешелүү уруксат кагаздары жок ЕАЭБ өлкөлөрүнөн бир катар товарларды ташып кирүү фактыларын аныкташты.


Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, “Ак-Тилек” товарларды эсепке алуу пунктунда 11 даана автотранспорт каражаттарын, 700 килограмм дарбыз, 5 миң даана картон коробкаларын (бош), 20 тонна пияз, 5 471 кг кездеме, 42 тонна арпа ташып бараткан жүк ташуучу унаалар кармалды. "Чалдыбар" товарларды эсепке алуу пунктунда 45 куб/метр тактайды, Чоң-Капкадагы товарларды эсепке алуу пунктунда 30 куб/метр тактайды алып өтүүгө аракет кылышкан.


Импорттоочуларда товарларды импорттоо тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес.


Мыйзам бузуулардын материалдары мыйзамга ылайык иш -чараларды өткөрүү үчүн мобилдүү топко өткөрүлүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн