Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди тапшыруу үчүн 30 машыгуучу унаа сатып алды.
Ведомстводон маалымдашкандай, жаңы унаалар коопсуздук жана комфорттун заманбап талаптарды камсыздоо менен айдоочулук күбөлүк алуу үчүн аттестациялоонун жүрүшүндө колдонулат. Бул экзамен тапшыруучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт жана реалдуу жол шарттарында алардын чеберчилигин баалоонун объективдүүлүгүн жогорулатат.
Жаңы унааларды сатып алуу агенттиктин айдоочуларды даярдоо системасын өркүндөтүү боюнча ишинин маанилүү бөлүгү. Бул унаалар коопсуз тестирлөө чөйрөсүн түзүүгө жана айдоочулук күбөлүк алуу процессин жарандар үчүн ыңгайлуу кылууга жардам берет.
Унаалар жакын арада агенттиктин аймактардагы бөлүмдөрүнө тапшырылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн