Бугу 05, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

“Унаа” мамлекеттик мекемеси жарым жылдык жыйынтыгын чыгарууда

14.07.2023 17:18
370
“Унаа” мамлекеттик мекемеси жарым жылдык жыйынтыгын чыгарууда


2023-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси Ыссык- Көлдө биринчи жарым жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин жыйынына ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Рустам Жокоев, анын орун басарлары Нурбек Ишеналиев, Бакытбек Шералиев, ИИМдин кызматкерлери жана аймактык бөлүмдөрдүн башчылары катышты.

Мекеменин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматты уккан директор жетишкендиктерди жана жакынкы келечектеги пландарды айтты.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү Мекеме тарабынан жүргүзүлүп жаткан транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо тармагындагы жана каттоонун автоматташтырылган системаларын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, жарандар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча ишмердүүлүктү оптималдаштыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жаатында баардык күч-аракеттер жумшалууда.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн оперативдүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатуу жана калкка сервистик тейлөөнүн сапатын, шарттарын жана Мекеменин ишмердүүлүгүн жогорулатуу, инфраструктурасын жакшыртуу
максатында, 2023-жылдын 6-ай ичинде Ош облусунун Ноокат районунда жана Ош шаарынын унаа базарында, Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Кочкор районунда жана Чуй облусунун Таш-Добо айылында АвтоЦОНдордун ийгиликтүү ачылышы өттү.

Мындан тышкары, Мекеменин калкка көрсөтүлүүчү кызматтарды жогоруулатуу жана жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, 2023-жылдын 6-ай ичинде, Бишкек шаардык, Ош региондук жана Джалал-Абад региондук, Сокулук-Москва бөлүмдөрү дем алышсыз иштөө графигине өттү.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү экендигин эске алуу менен автотранспорт каражаттарын өндүрүүчү өлкөлөргө бөлбөстөн баалоонун тарифтик сеткасы бекитилип, 2023-жылдын 1-январынан тартып автотранспорт каражаттарын каттоого жана кайра каттоого бирдиктүү тарифтик сетка киргизилди.

Квалификациялык экзамендерди кабыл алуунун жыйынтыгы менен 2023-жылдан тартып жакшы көрсөткүч көрсөткөн автомектептердин санын аныктоо максатында ар бир айдын башында автомектептердин рейтинги чыгарылып жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

Бул рейтинг окуу жайлардын жетекчилерине өздөрүнүн ишиндеги кемчиликтер боюнча жыйынтык чыгарууга, ошондой эле автомектептерди тандоодо курсанттарды аң-сезимдүү жана олуттуу кароого мүмкүндүк берет. Бул иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлмөкчү.

Жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн алкагында ишти контролдоо максатында, кошумча видеобайкоо камераларын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, коопсуздукту камсыз кылуу, кызматкерлерди көзөмөлдөө жана жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, 60 видеокамералар Мекеменин борбордук аппаратында 26 региондук бөлүмдөрүндө орнотулду.

Ишмердүүлүгүбүздө бир топ жетишкендиктер болгондугуна карабастан тилекке каршы терс факторлор да кездешет. Алдыбызга коюлган милдеттерди аткарууда терс көрүнүштөргө жол бербөө багытында иш аракеттерди күчөтүү
зарылчылыгын баса белгилөө менен терс көрүнүштөрдүн айрымдарына токтоло кетсек.

Жалпысынан 2023-жылдын 6-ай ичинде Мекеменин тиешелүү буйругу менен бекитилген Аймактык каттоо бөлүмдөрдү контролдоо жана практикалык жардам көрсөтүү боюнча иш планга ылайык, аймактык бөлүмдөр/секторлордун ишмердигине пландуу 16 текшерүүлөр жүргүзүлүп, транспорт каражаттарын каттоо/кайра каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө мыйзамдуулукту бузуунун ачыкка чыгарылган фактылары боюнча (анын ичинде квалификациялык сынактарды кабыл алууга мониторингдин жүрүшүндө) Мекеменин аймактык каттоо бөлүмдөрүндө жана секторлорунда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен Мекеменин 88 жооптуу кызматкерлерине карата тартиптик жазалар колдонулду.

Анын ичинде: 32 сөгүш жана  56 эскертүү жарыяланды, 2 кызматкер менен эмгек келишимдер токтотулду.

Кеңешменин жыйынтыгында, директор төмөндөгү милдеттүү шартта аткарылуучу тапшырмаларды койду:

- Квалификациалык экзаменди алуу убакытысында, экзамен алуучу класста бѳтѳн кызматкерлер жана экзамен тапшырбаган жарандардын болушуна бѳгѳт коюлсун, уюлдук телефон колодонууга жана сүйлөшүүгө, себепсиз басып
жүрүүгө тыйуу салынсын, теориялык сынак өтүү эрежелеринин талапкерлерине алдын ала так жана туура нускамалык маалыматар түшүндүрүлсүн, бөлүм/секторлордун жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин;

- ИИМдин ЖКККББнын бирге «Адам өмүрү баарынан кымбат аттуу» автомектептердин курамы менен сабак окутуу жолугушуулар улантылсын;

- Мекеменин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата Негизги уюштуруу иш-чаралар МЕРЧЕМИ бөлүм/сектор башчыларына аткарууга жана көзөмөлгө алынсын;

- Мекеменин кызматкерлеринин формалык кийимдерин кийүүсүнө көзөмөлдү күчөтүү;

- Кызматкерлердин жеке логиндерин жана паролдорун колдонууга көзөмөлдү күчөтүү;

- Мекеменин ишмердүүлүгүнө үчүнчү жактардын ортомчулук иш-аракеттерине жол бербөө;

- Мыйзамдык актыларга ылайык кызматтык тартипти жана нормалардын талаптарын сактоо боюнча иштерди улантуу;

- Коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу максатында ар бир аймактык каттоо бөлүм сектор башчыларынын кабинеттерине жана жаңы ачылган бөлүм, секторлордо каамераларды орнотуу боюнча иштер жүргүзүлсүн.

Муну менен бирге, Ички иштер министрлигинен жогору турган органдардан келген тапшырмалардын аткарылышы, ошондой эле жарандардын кайрылуулары Мекеменин жетекчилигинин туруктуу көзөмөлүндө тургандыгын баса белгилөө менен калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу багытында, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу милдети экендигин баса белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн