Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:08
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Унаа сүзүп, инспекторлорго баш ийбеген дарыгер мас абалында кармалды

25.06.2020 14:49
1123
Унаа сүзүп, инспекторлорго баш ийбеген дарыгер мас абалында кармалды

 

Бишкек шаарында патрулдук милициянын талаптарына баш ийбей, мас абалында унаа башкарып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 25-июнга караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында Фрунзе-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен мас абалда унаа башкарып бараткан айдоочу аныкталган. Кайгуул кызматкерлери унааны текшерүү үчүн токтоткондо, талапка баш ийбей, изин жашырып кетүүгө аракеттенген.


Ошондой эле Чүй жана Панфилов көчөлөрүнүң кесилишинен жеңил унааны сүзүп, андан ары качып жөнөгөн. Инспекторлор Салиева-Будённый көчөлөрүнөн кесилишинен унаанын дөңгөлөгүнө бир нече жолу ок атып токтотушкан.


Кармалган жаран 33 жаштагы Ө.Ж. экендиги аныкталган. Айдоочунун айтуусу боюнча, жугуштуу оорулар ооруканасында дарыгер болуп эмгектенет. Текшерүү учурунда ал мас абалында экени аныкталып, Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.


Аталган факты боюнча учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн