Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Унаа токтотконуңуз үчүн кимдер акча талап кыла алат? Мэриянын жообу

07.07.2021 09:54
822
Унаа токтотконуңуз үчүн кимдер акча талап кыла алат? Мэриянын жообу

Бишкектин мэриясы шаар тургундарынан муниципалдык унаа токтотуучу жай үчүн төлөмдөрдү мыйзамсыз чогултуу фактылары тууралуу маалымат берүүнү суранат. Бул боюнча аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, муниципалдык унаа токтоочу жайлар дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин иштешет.


"Унаа токтотуу кызматтары акысыз, төлөм 15 мүнөттөн кийин башталат. Муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын бирдиктүү тарифи 25 сом. Ошондой эле биздин операторлор “Бишкек шаарынын унаа токтотуучу жайлары” деген жазуусу бар, логотиби түшүрүлгөн атайын жилет кийген жана жанында атайын төш белгилер бар, алар төлөгөндүгүн тастыктаган штампы бар купонду бериши керек.


Компаниянын адистери тарабынан муниципалдык унаа токтотуучу жайды пайдалангандыгы үчүн мыйзамсыз акы алган белгисиз адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Эскерте кетсек, дем алыш жана майрам күндөрү компаниянын операторлору иштебейт жана ошого жараша унаа токтотуучу жайды пайдалангандыгы үчүн акы алышпайт.


Урматтуу жарандар, эгер сиз атайын жилети жок адамдар сизден акча талап кылып, талон бербей жаткандыгына күбө болсоңуз, анда видео жана фото фактылар менен кайрылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн