Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Унаада кыз зордуктоого аракет кылууга шектелген жаран үй камагына чыкты

14.07.2023 12:32
321
Унаада кыз зордуктоого аракет кылууга шектелген жаран үй камагына чыкты


Бишкекте автоунаанын ичинде кыз зордуктоого аракет кылды делген мурдагы аткаминер үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Буга чейин соцтармактарга окуянын видеосу тарап, милиция аталган факт 15-июнга караган түнү болгонун билдирген. Буга шектүү катары мурда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биологиялык ресурстар башкармалыгында иштеп кеткен 30 жаштагы жаран кармалган. Андан соң Свердлов райондук соту эки айга тергөө абагына киргизген.

Адвокат бул чечимге макул болбой шаардык сотко кайрылып, чоо-жайын талдап беришкенин белгиледи.

Жактоочу шаардык сот материалдар менен таанышып, шектүүнүн туруктуу жашаган жери болгонун жана тергөө менен кызматташып жатканын эске алуу менен үй камагына чыгарганын айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн