Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Унаада кызды зордуктоого шектелген аскер кызматкерлери эки айга камалды

13.09.2022 10:08
430
Унаада кызды зордуктоого шектелген аскер кызматкерлери эки айга камалды

Бишкекте кызды зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкери эки айга камалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.


Маалыматка ылайык, кармалган А.Т.Б жана У.А.У. аттуу аскер кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.


Биринчи май райондук соту тарабынан шектүүлөргө 11-ноябрга чейин Бишкек горнизонунун гауптвахтасында камоо боюнча баш коргоо чарасы тандалды. Алар тергөө аяктаганга чейин камакта болот.


Эскерте кетсек, Аскер прокуратурасы тарабынан Улуттук гвардиянын эки аскери кызды зордуктоого шектелип кармалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн