Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 20:55
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Унаага таш ыргыткан окуяны кыргыз-тажик биргеликте иликтейт

27.12.2021 18:39
717
Унаага таш ыргыткан окуяны кыргыз-тажик биргеликте иликтейт

Чек арадагы кырдаалды туруктуу кармоо максатында Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Баходирзадо жолукту. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу билдирди.


Жолугушууда эки тараптын милиция кызматкерлери буга чейинки окуяларды биргелешип иликтөө, чагымчылдык аракеттерди алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашканы кабарланды.


“Албетте, чек арада жакын күндөрү болуп кеткен окуяларды талкуулап, жолдо бараткан автоунааларга таш аткандарды биргелешип иликтөөнү макулдаштык. Айрыкча, майрамдын алдында кандайдыр бир абалды курчутуу үчүн терс көрүнүштөр болуп кетпесин деп, алдын алуу тууралуу сүйлөштүк. Ал үчүн эки райондун милиция кызматкерлери чогуу аракеттене турган болду”,-деди Жоробаев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн