Индиянын түштүгүндөгү Тамиланд штатында 50 миңдей адам нөшөрлөгөн жаандан жана суу ташкынынан жабыркады. Бул тууралуу индиялык басылмалар кабарлады.
Маалым болгондой, куткаруучулар жабыркаган аймактардан миңдеген адамдарды эвакуациялады.
Штаттын борбору Ченнайда 2015-жылдан бери эң көп жамгыр жааган. Аталган шаарда жана коңшулаш үч облуста нөшөрлөп жааган жамгырдан улам мектептер менен окуу жайлар эки күнгө жабылды.
Ченнайда жол кыймылы үзгүлтүккө учурап, айрым аймактарда электр жарыгы өчкөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн