Түркиянын Анталья аймагында катуу жааган жамгырдан улам көчөлөрдү сел каптады. Бул тууралуу түрк маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка таянсак, акыркы күндөрү тынымсыз жааган жамгырдан улам көчөлөрдө сел жүргөн. Сел унааларды агызып кеткен.
Мындан тышкары, суу каптоо транспорт инфраструктурасына оор кедергисин тийгизген.
Аймактын айрым район, шаарларында мектептер ишин убактылуу токтоткон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн