Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:28
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Унааны уруксатсыз айдап чыккан. Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын 15 жаштагы кызы жол кырсыгына кабылды

01.11.2022 10:00
483
Унааны уруксатсыз айдап чыккан. Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын 15 жаштагы кызы жол кырсыгына кабылды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Руслан Шаршенбай уулунун 15 жаштагы кызы жол кырсыгына кабылды, бул тууралуу маалыматты депутат өзү тастыктады.


Анын айтымында, жол кырсыгы ишемби, 29-октябрда болгон.


"Кызым биз үйдө жокто унааны уруксатсыз алып кеткен экен. Жабыркаган унаанын ээси менен болгон маселе жеринде чечилди. Кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес, кызым жазасын алды", - деди ал.


Ал эми Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынан кырсык боюнча аларда расмий маалымат жок экенин билдирип, бирок бул иш иликтенип, күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын аларын кошумчалашты.


Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык тийиштүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү же транспорт каражатына каттоо документи жок адамдын транспорт каражатын башкаруусу 1-категориядагы айып салууга алып келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн