Унаанын айнегин караңгылаткандар үчүн кезектеги акция сунушталууда. Токтом долбоорун Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик даярдаган.
Мекеме былтыр айнек караңгылатуунун баасы жеке жактар үчүн 50 миң сом, юридикалык жактарга 70 миң сом, чет элдиктер үчүн 90 миң сомго чейин арзандатылганын эске салган.
Бирок учурда унааны караңгылатууну каалагандардын саны көбөйбөй жатканы айтылды. Мындан улам 60 күндүк акция жарыяланып, караңгылатууга эки жылга уруксат алгандарга мөөнөттү дагы бир жылга автоматтык түрдө узартуу каралууда.
Бул бюджеттин кирешесин көбөйтүп, айнек караңгылатууга уруксаттарды мыйзамдуу алууга түрткү берери кошумчаланган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн