Азыркы учурда жогорку ылдамдыкта айдаган айдоочулар кезигип жатат, деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.
Анын айтымында, карантинге байланыштуу борбордун көчөлөрүндө автоунаалар аз. Ушундан пайдаланып, жогорку ылдамдыкта айдаган айдоочулар бар.
“Эгерде айдоочулар жол эрежелерин бузуп, жол кырсыгына кабылса, алардан өткөрмө кагаздары кайтарылып алынат”, - деди комендант.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн