Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:52
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Унаанын дөңгөлөгүнө атып токтоткон. Баткенде Тажикстанга жүк алып өтүүгө аракет кылган учур катталды

21.04.2022 15:28
370
Унаанын дөңгөлөгүнө атып токтоткон. Баткенде Тажикстанга жүк алып өтүүгө аракет кылган учур катталды

Тажикстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жүк алып кирүүгө аракет калган жаран кармалганын УКМКнын Чек ара кызматы 21-апрелде кабарлады.


Маалыматка караганда, аткезчилик менен кармалган Кыргызстандын жараны алгач чек арачылардын токтотуу аракетине баш ийбей качып жөнөгөндө эскертүү үчүн асманга ок атылган. Андан кийин автоунаанын дөңгөлөктөрүнө ок атылып, токтотулган.


Текшерүү учурунда бир жарым тонна жаңгак, нават, суусундук жана кыям табылып, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн