Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 03:05
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Унаанын терезесин сындырып 3 миң доллар уурдаган жарандар кармалды

08.09.2021 16:11
1109
Унаанын терезесин сындырып 3 миң доллар уурдаган жарандар кармалды


Сокулук районунда унаанын терезесин сындырып, ири суммадагы акча уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине 50 жаштагы жашоочу арыз менен кайрылган. Анда 6-сентябрь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында белгисиз бирөөлөр анын Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаасынын терезесин сындырып, ичинен 3 миң доллардан ашуун акча каражатын уурдап кетишкенин билдирген.


Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй ОИИББинин жана Сокулук РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 27 жаштагы К.Т. жана 28 жаштагы Б.У. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, териштирүү учурунда кармалган жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган.


Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн