Бир күн мурун интернетте кыз жүрүп бараткан унаанын терезесинен жылаңач жамбашын көрсөткөн видео пайда болгон. Кыргыз элинен кечирим сураган видеонун каарманын Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери тарабынан табылган.
Анын айтымында, ал карта ойноп утулуп калып, денесинин бир бөлүгүн ачыкка чыгарууга аргасыз болгон.
"Кечээги окуя үчүн кечирим сурайм. Кичине тамашалашканбыз. Картадан утулуп калгам. Мендей келесоолукту кайталабагыла. Милиция мага баарын түшүндүрдү, мен баарын түшүндүм", - деди ал.
Унаа ээлерине айып пул салынды.
Пикирлер (1)