Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов дем алыш күнүндө чөлдө унаа айдады. Бул тууралуу Түркмөнстандын маалымат булактары билдирди.
Белгилүү болгондой, Бердымухамедов каракум чөлүндө татаал деген бурулуштардан эч кыйынчылыксыз унаасын башкарган.
Ал арада спорттук унаасында техникалык көйгөй жаралган. Аны президент өзү устанын жардамысыз оңдоп, жолун уланткан.
Эске салсак, 12-мартта Түркмөнстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт. Ага Сердар Бердымухамедов жана дагы бир талапкер катталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн