Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 06:10
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Унаасында 5 жана 6 жаштагы кыздарга карата ыплас аракет жасаган жаран кармалды

Унаасында 5 жана 6 жаштагы кыздарга карата ыплас аракет жасаган жаран кармалды

Ош облусунун Кара-Суу шаарында 5-6 жаштагы кыздарга ыплас аракеттерди жасады делген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.


Билдирүүгө ылайык, 3-апрелде Кара-Суу райондук милициясына кабар келип түшкөн. Анда Кара-Суу шаарынын 6 жаштагы А.А. аттуу тургунун үйүнүн алдында белгисиз адам колунан кармап автоунаасына алып келгендиги айтылат.


Аталган факт маалыматтык электрондук журналга катталып, териштирүү иштери башталган.


Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө 29-март күнү Кара-Суу шаарында 44 жаштагы жаран беш жана алты жаштагы кыздарга автоунаасында ыплас аракеттерди жасагандыгы аныкталган.


Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин негизинде (“Ыплас аракеттер”) кылмыш иши козголуп, 4-апрелде шектүү катары 44 жаштагы Ш.Б. аттуу жаран кармалган. Ал райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн