Пандемияга байланыштуу жарыяланган ѳзгөчө кырдаалда – өнөр жай ишканалары, базарлар, соода борборлорунун ишмердүүлүгү токтоп, жашообузду түп-тамырынан өзгөрттү. Күтүүсүздөн келген илдет көптөгөн адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратып, аны менен күрѳшүүдѳ мамлекет, бизнес структуралары, коомдук уюмдар жана эл аралык өнөктөштөр болгон ресурстарын жумшоого туура келди.
Шүгүрчүлүк, акыркы күндөрү пандемиянын мизи кайтууда. Баарыбыз акырындап эсибизди жыйып, бара-бара ѳзүбүзгѳ келе баштадык. Эми болуп ѳткѳн окуялардан сабак алууга мезгил келди.
COVID-19 көптөгөн көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Көрсө, мамлекетте да, бизнесте да жарандардын көпчүлүк бѳлүгүндѳ да (албетте, күнүмдүк акчага иштеген жарандарыбыз да бар эмеспи, бул жерде сѳз алар жѳнүндѳ эмес) кыйын күнгө камдалган каражат жок экен. Эмне үчүн? Себеби, үнөмдөө маданияты жок.
Айталы, мамлекеттин бюджет каражатын бөлүштүрүүсүн алып кѳрѳлү. Дээрлик, бардык кирешелердин социалдык муктаждыктарды чечүүгө багытталып жатканы туурабы? Менин жеке оюмда туура эмес. Бизге өнүгүү бюджети керек, салык жана башка төлөмдөр түрүндө казынага түшкөн акчанын бир бөлүгүн - долбоорлорду ишке ашырууга жумшап, андан түшкѳн киреше каражаттары кайрадан бизнеске салынышы керек. Мамлекеттик акча каражаты мына ушундай жол менен айланышы керек эле.
Бюджет тартыш болуп турганда, бюджеттик кызматкерлер жана пенсионерлер эмгек акылардын жана жөлөк пулдардын кезектеги жогорулашын күтүп жатканда, мамлекетке үнөмдөө, резервдерди түзүү оңойбу? Оңой эмес, татаал, бирок эртеби-кечпи мунун баарын ишке ашырууга туура келет. Кайсы бир мезгилде эрктүүлүктү көрсөтүп, мындай популярдуу эмес кадамдарга барабыз. Алдыга жылуунун башка жолу жок: камдаган каражатың болбосо, өнүгүү да жок.
Ошол эле учурда, резерв бар. Мисалы, башкаруу органдарын кармоого кеткен бардык чыгымдар оптималдуубу, маанилүүбү? Жообу айдан ачык: сѳз кезеги келгенде айта кетсек, президент административдик-аймактык реформа парламенттик шайлоодон кийин башталат деп жарыялаган.
Кырдаалды кененирээк карай турган болсок, мамлекеттик чыгымдар бул экономикалык гана эмес, саясий дагы маселе. Мисалы, чиновниктер айдап жүргөн кымбат баалуу жол тандабас унаалар – бул мамлекеттин акчасы натыйжасыз сарпталып жатканын гана эмес, анык чарбасыздыктын далили. Баасы кымбат унааларды айдаган, жүздөгөн жана миңдеген адамдардын катышуусунда майрамдык иш-чараларды өткөргөн чоңдор, эгерде ойлоп кѳрсѳк, алар башкалар үчүн жагымсыз эрежелерди, стандарттарды, баалуулуктарды калыптандырып жатышат. Ошону менен керектѳѳдѳгү жаңы бийиктиктерди багындыруу жарышы башталат. Натыйжада, бардыгы жоготууга учурайт - жарандар дагы, мамлекет дагы, өнүгүү үчүн колдонула турган потенциал дагы.
Менин оюмча, бул көрүнүш материалдык байлыкты топтоо үчүн шарты болбогон, кылымдар бою көчмөн жашоо образын жүргүзүп келген адамдардын улуттук мүнөзүнөн, менталитетинен улам болсо керек. Бирок бул жерде эч нерсени өзгөртүүгө мүмкүн эмес деген туурабы? Мен ишенем: өзгөртө алабыз. Жарандардын да, мамлекеттин да чыгымдары өлкөнүн кызыкчылыктарына жана өнүгүү максаттарына жооп бериши зарыл. Суроо: кантип?
Мамлекеттен баштайлы. Бул жердеги механизм жөнөкөй: учурдагы шайлоодон кийин Жогорку Кеңешке келе турган партиялар бюджетти бекитип жатканда, жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек. Биринчиден, мамлекеттик чыгымдарды жана анын ичинен биринчи кезекте башкаруу органдарына кеткен чыгымдарды мүмкүн болушунча азайтуу зарыл.. Экинчиден өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга кеңири каражат берүү керек.
Кийинки маселе – жарандардын керектөө адаттары. Канткенде кыргызстандыктар кымбат баалуу буюмдарга, унааларга акча коротууну азайтат? Мунун бир эле даяр жолу бар, ал салыкты кѳбѳйтүү. Учурда салык кѳлѳмүн кѳбѳйтүү – акыркы жылдары жамгырдан кийинки козу карындай кѳбѳйүп кеткен көптөгөн тойканалардын кирешелерине да тиешелүү болушу керек.
Бир нерсе түшүнүктүү, бул жарандардын еректөө маданиятын көтөрүү. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын күчүн колдонуп, өлкөнүн беделдүү инсандарын тартып, камчылап, алдап- соолап болсо дагы тиешелүү коомдук пикирди калыптандырыш керек. Бул маселе канчалык маанилүү жана зарыл? Бир гана мисал келтирели.
Белгилүү болгондой, бизде инвестициянын кубаттуу булагы бар, бул эмгек мигранттарынын акча которуулары. Улуттук банктын маалыматы боюнча, көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы пандемиянын кесепеттеринен эсин жыя электе, биздин мигранттар Кыргызстанга 277,9 миллион доллар которушкан,. Бул май айына салыштырмалуу 1,6 эсеге көп. Же болбосо 2019-жылдын июнь айына салыштырмалуу 86,3 миллион долларга жогору. Жалпысынан, 2020-жылдын алты айында республикага 977,3 миллион доллар которулган, анын 90 пайыздан ашыгы Россиядан келген жана 953,6 миллион долларды түздү. Суроо туулат: дээрлик бир миллиард долларлык бул укмуштуу сумма кайда жана эмнеге жумшалды? Макул, бул, которуулардын бир бөлүгү үй-бүлөлөрдү багууга жана колдоого жумшалды дейлик. Калганы кайда? Бул каражаттар мамлекет тарабынан кепилдик берилген жогорку кирешелүү долбоорлорго жумшалса болот беле?
Башка өлкөлөрдүн жарандары акчаларын
кантип сарптайт?
Кытайлыктар кыйын күндөргө деп эмгек акыларынын 30%ын сактап коюшат дейт эксперттер. Мамлекети болсо ысырапкорчулукка каршы бардык күчүн жумшап жатат. Жакында Си Цзиньпиндин сунушу менен, "Таза Табак" өнөктүгү башталды. Анын максаты ресторандарда көп тамак-ашка буйрутма берүү салтын токтотуу, бул улуттук масштабда жүз миңдеген тонна тамак-ашты үнөмдөөгө алып келет.
Бул жагынан Япониянын тажрыйбасы өзгөчө кызыктуу. Белгилүү журналист жана жапон таануучу Всеволод Овчинников "жапондор жумуш жагынан тырышчаак, керектөө жагынан нысаптуу келет" деген сөздөр көбүнчө жапон экономикалык укмушу тууралуу сөз болгондо айтылат”, - деп жазат. Чындыгында согуштан утулган, оккупацияда болгон Япониянын 1950-80-жылдары өтө тездик менен секирик жасап, дүйнөдөгү үчүнчү экономикалык державага айланышына ушул үнѳмдүүлүгү себеп болгон.
Маанилүү нерсе: Овчинниковдун айтымында керектөөнүн төмөнкү деңгээли, байларга дагы тиешелүү. Жапония керектөөнү азайтуу жана топтоо үлүшүн көбөйтүү менен ички ресурстарды мобилизациялоону максималдуу деңгээлге жеткире алган. Ошол эле учурда, жапон таануучу, бул өлкө салттуу адеп-ахлактын негиздерине таянгандыгын: алар эмгекте тырышчаактык, күнүмдүк керектѳѳдѳ үнѳмчүлүк экендигин айтат.
Бир сөз менен айтканда, принцип эрежеси бардык өлкөлөрдө бирдей: бул акчаны үнөмдөө жана келечекке каржылык кепилдик түзүү. Ал каражаттар пенсиялык фонддорго, акцияларды сатып алууга жана башка баалуу кагаздарга жумшалат. Бул мамлекет үчүн пайдалуубу? Пайдалуу. Үнөмдөө өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат, узак мөөнөттүү ири долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөт, бул өз кезегинде ѳсүү динамикасын жана туруктуулукту камсыздайт.
Курманбек МАМБЕТОВ, «Деловой Кыргызстан» гезитинин башкы редактору
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн