Бугу 07, 2024
Убакыт: 07:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Урмамбетов ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча жыйынына катышты

19.11.2022 09:41
428
Урмамбетов ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча жыйынына катышты



2022-жылдын 18-ноябрында Ереван шаарында Кыргыз Республикасынын ИИМ делегациясы министрдин орун басары, милициянын генерал – майору Октябрь Урманбетов башында турган ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча компетенттүү органдардын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 24-жыйынына катышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


Отурумга ЖККУ Башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Россия өлкөлөрүнүн Баңгизатка каршы күрөшүү ведомстволорунун жетекчилери катышышты.


Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттердин аймагында баңги кырдаалын өзгөртүүнүн негизги тенденцияларын талкуулашты. 

2022-жылы ЖККУ мүчөлөрү тарабынан, анын ичинде дүйнөдө кырдаалдын курчушун жана анын өнүгүү божомолун эске алуу менен афган опиаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө тартылган эл аралык баңги топтору, баңгизаттардын келип түшүү каналдары, жашыруу ыкмалары, аларды аныктоо ыкмалары, ошондой эле өлкөлөрдө баңги кырдаалынын өнүгүү тенденциялары жана бул чөйрөдө жаңы чакырыктарды болжолдоо жана психоактивдүү заттардын жаңы түрлөрүнүн пайда болушу жөнүндө статистикалык жана аналитикалык маалыматтар менен алмашууну өркүндөтүү макулдашылды.


Отурумдун жыйынтыгы боюнча ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча компетенттүү органдарынын өз ара иштешүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен чечимдер кабыл алынды, анын ичинде ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча компетенттүү органдарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин негизги иш-чараларынын 2023-жылга карата планы бекитилди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн