Уруксат кагазын берүүдө чоң кыйынчылык жаралат. Бул тууралуу 29-апрелдеги брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
Анын айтымында электрондук уруксат кагаздар гана берилет.
"2 күн ичинде өткөрмө уруксат кагаздарын беришибиз керек. Учурда комендатуранын аппаратында 10 оператор иштейт, аларга кошумча дагы 8 адис ишке тартылды. Элдер кадимки тартипте электрондук кайрылуу жасап, уруксат кагаздарын ала алышат. Биз он миңдеген кайрылуулар болорун билебиз. Мындан улам баардык кайрылууларды карап чыгып, тийиштүүлөрүнө өткөрмө кагаздары берилет. Ал эми операторлор 24 саат бою иштеп баарына жетишкенге аракет кылат”, - деди Асрандиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн