Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 06:17
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ушул айдан тарта бензин 2-3 пайызга кымбаттайт

02.02.2021 13:59
762
Ушул айдан тарта  бензин 2-3 пайызга кымбаттайт


Февраль айында Кыргызстанда бензиндин баасы 2,5-3%га кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, россиялык нефти продукция базарларында күйүүчү-майлоочу майдын дүң баасынын кымбаттаганы байкалууда. Бензин орто эсеп менен тоннасы 91,6 АКШ долларга, ал эми дизель майлары тоннасы 25 АКШ долларына кымбаттаган.

“Жогорудагы абалды эсепке алуу менен февраль айынын аралыгында Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу жана бензин майына болгон баа 2,5-3%га кымбатташы мүмкүн. Муну менен катар нефтетрейдерлер компаниясы бааларды теңдөө жана дароо кымбаттатууну алдын алуу саясатын улантууга ниеттенүүдө”,- деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, Ассоциация Глобалпетролпрайсиз (GlobalPetrolPrices.com) сайтынын рейтингине ылайык, Кыргызстан бензиндин баасы боюнча 181 өлкөнүн ичинен 11-орунда турат.

Аталган рейтингдин маалыматына ылайык, Кыргызстан импорттоого муктаж өлкөлөрдүн ичинен майдын арзандыгы боюнча биринчи орунда турат. Биринчи жыйырмалыкка кирген башка бардык өлкөлөр нефти өндүрүүчү жана экспорттоочу болуп саналат. Мисалы, алар Венесуэла, Сауд Аравиясы, Түркмөнстан, Кувейт, Катар, БАЭ, Иран, Казакстан, Нигерия жана башка өлкөлөр.

Дүйнөдө бензиндин орточо баасы литрине 1,06 АКШ доллар болсо, ал эми Кыргызстанда 0,455 АКШ долларына барабар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн