Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ушул жумадан тарта Бишкекте Pfizer вакцинасын алууга болот

30.08.2022 11:41
698
Ушул жумадан тарта Бишкекте Pfizer вакцинасын алууга болот

Бишкектин Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан ушул жумада Pfizer вакцинасын алууга болот. Бул тууралуу Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ Кыргызстанга Pfizer компаниясынан коронавирустук инфекцияга каршы вакцинасы үчүн эриткичтер келген. ИАРБ адистери дароо эле өлкө боюнча вакцинаны таратууну пландаштыра башташты.

Бүгүн, 30-августта, Pfizer вакцинасынын партиясын Бишкек шаарынын эмдөө пункттары, андан соң аймактар алышат.

Борбор калаада эмдөө жакынкы убакта, болжолу эртең башталат. Жашаган жер боюнча ҮМБлардан эмделүүгө болот.

Эскерте кетсек, мурда Кыргызстанга COVAX механизминин алкагында Pfizer-BioNTech компаниясынын COVID-19 каршы 100 620 доза вакцинасы жеткирилген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн