Бугу 13, 2024
Убакыт: 13:58
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Ушунча мүлкүм бар экенине таң калдым. Туйгунаалы Абдраимов мүлктөрү тууралуу

21.09.2021 11:38
433
Ушунча мүлкүм бар экенине таң калдым. Туйгунаалы Абдраимов мүлктөрү тууралуу

20-сентябрда УКМК Чүй облусунун мурдагы губернатору Туйгунаалы Абдраимов мыйзамсыз байыганы аныкталганы тууралуу маалымат таратты. 


Бул боюнча Туйгунаалы Абдраимов АКИпресс агенттигине өзү да таң калганы тууралуу айткан.


"Мынча мүлкүм бар экенине өзүм да таң калдым. Балдарым элиталык эмес, эски эле батирлерде турат. Эски эле унааларды айдайт


Аялымдын Көк-Жарда батири жана кичинекей үйү бар, аны биз 1995-жылы сатып алганбыз. Ал эми менин конок үйүм жана мал сарайым бар (2005-жылдан бери). Азыр мен Ысык-Ата курортунда реабилитациялык борбор куруп жатам, инвесторлор бар жана 400 миң доллар насыя алгам. Документалдуу далилдер бар.


Мен өмүр бою бизнес менен алектенип келем. Ал тургай Кытайга, Иранга, Түркияга барып сатып жүргөм. Ооба, менин Ивановка айылындагы «Кайнар» ЖАКта акцияларым бар. Мен аны 2000-жылдары Россияга жана АКШга туруктуу жашоого кеткен досторумдан дээрлик бекер алгам. Бул тууралуу Ивановка айылынын тургундары билишет. Анан да, 2000-жылдан бери 20 жылдын жарымын бизнесте, жарымын мамлекеттик кызматта өткөрдүм. Мен кыймылсыз мүлктү, автоунааларды, жер үлүштөрүн сатып алып, кайра саткам. Мунун баары УКМКнын маалыматында менин мүлкүм катары көрсөтүлгөн",- деди Абдираимов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн