Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ушундай күндө биригели

16.03.2020 13:22
886
Ушундай күндө биригели


Кагылайын кыргыз элим, тарыхыңа бир кылчайчы. Элибиз эмнелерди гана баштан өткөзбөгөн. Нечен кыргын сүргүндү. Нечен ачкачылыкты. Нечен жокчулукту. Алыс барбай эле 1916 -жылдагы капсалаңды эстегилечи. Элибиздин башына кандай кыйынчылык түштү эле. Ошонун баарын сабырдуулук жеңип эл катары улут катары сакталып келбедиби. Бүгүн ачкачылык келаткансып дүрбөй турган мезгилби? Ун талашып чуркай турган мезгилби? Эл алабармандап турганда пайдаланып кызыл кулактык кылып, элдин эсебинен байып калыш үчүн ар кандай ушак таратып, элди дүрбөлөңгө салып, азык-түлүктүн баасын көтөрүп пайда таап калыш үчүн жанталаша турган мезгилби? "Эл менен көргөн улуу той"- деген ыйык сөз бар эле. Ал кайда кетти? Кызыл кулак соодагерлер! Бүгүн эл эсебинен алдамчылык жол менен тапкан дүйнөңөр аш болоор бекен? Элибиз ушунчалык ыймандан кеттиби?Ач көздүккө алдыра баштадыкпы? Кыргызды кыргыз кылып сактап турган ток пейил наркыбыздан кеттикпи? Кыргыз кыйынчылык келсе бир муштумдай түйүлүп бириге калчуу эмес беле. "Кыйынчылыкта эл эсебинен байып калайын"- дебей тескерисинче колунда барлар элге берчү эмес беле. Чын эле Улут катары жок болуу жолуна түштүкпү? Эмне деген шумдук эч нерсе боло электе ун талашып чуркап, жулкулдашмай? Кырдалды пайдаланып байый калайын деп азык-түлүктүн баасын көтөрмөй. Бул салтта, наркта жок иш го. Нарктуу эл, түбөлүгү түз эл, кыйынчылык келатат десе биригет. "Колунда жок ким бар жардам берели"- дейт. Бирин-бири тоноюн дебейт. 1916-жылы байлар малын элге тараткан. Аты жокко ат берген. "Эл бир бололу. Чогуу бололу"- дешкен. Болбосо байлары малын айдап качып кетип кедейи кала бермек.


Жок шумдукту баштабагыла. Күнөөнү башкадан издеп өзүбүз четке чыккан жаман адат пайда болду. Туура, бийлик эл каалагандай деңгээлде иш алпара албай кыйналып жатат. Бирок бийлик өкүлдөрү "Ундун баасын кымбаттат"- деген жок да. "Ачарчылык келатат кырылышып азык-түлүк талагыла" деген жок да. Бүт күнөө өзүбүздө, ар бирибизде болууда. Ыйманга келели! Наркыбызга кайталы. Жараткан Кудайым анын бетин ары кылсын. Эгер эле жаманчылык келип эл башына кыйынчылык түшсө бири-бирибизге карабай, тескерисинче алы жогун алдуусу талаганга өтөбүзбү? Кыргыз качан ошентчү эле? Улутум кыргыз! Урааным Манас! деп кыйкырсак кыйынбыз. Муну сөз эмес иш жүзүндө көрсөтөлү да. Кыргыздар дүйнөгө шерменде болбой жосунсуз жоруктарга барганды токтотолу. Бири-бирибизди тыйалы, биригели! Эл менен көргөн улуу той!


Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн