Эшикте ызгаар суук. Түнкү он экилерге жакын, жаш студент жүгүрүп келип акыркы троллейбуска жетпей боз-ала болуп, (ыйлагысы келип) аялдамада селейип туруп калды.
Бирин-серин көп кабаттуу үйлөрдүн четинде жайгашкан окуу жайынан кеч чыккан эле. Студент мындай окуяга биринчи ирет кабылды. Улам-улам бир капталы сөгүлүп кеткен чөнтөгүнө колун салып он сомун кармалаган студент балким дагы троллейбус келип калабы деп, (үмүт үзбөй) жолду карай берди. Тилекке каршы бул акыркы троллейбус болчу.
Ызгаар аяздын шамалы жана боройлоп жааган аппак каар, жол боюнда тизилген асма чырактарды өчү бардай сабап жаткансып, чаба-жаап жатты.
Айлана-чөйрө түнөрүп тынчтыкка бөлөнүп баратты. Аялдаманы караан туткан студент, ары-бери басып жолду дале үмүттүү карайт.
Андан да аялдаманын артында турган көп кабаттуу үйдү улам-улам кадала тиктеп, калчылдап титиреп турду.
Кыялында; “Кандай гана бактылуу адамдар, ушундай жылуу үйдө жашашат?”- деп, шыпшынып алды.
Мындай ойлор, студентке ар күнү так ушул аялдамада турганда келип турчу. Студент канча саат турганын билген жок. Бирок титиреп үшүп калганда көп кабаттуу үйдүн бирин-серин өчө элек жарыгын көрүп коркуп кетти.
Жок дегенде, баары уктап кала электе подъездке кирип таң атырсам деген үмүтү бар эле.
Көп кабаттуу үйдүн боорундагы “Ленина 1” деген бадырайган жазууну күндө окуй берип жаттап калган.
Так ошол жазуу турган үйдүн биринчи кабаттагы четки терезесинин өчө элек жарыгын көздөй басты. Студент, жарык турган (темир желе менен капталган) терезеге асылып чыгып, эрксиз тыкылдатты.
Ким бул? Деген аялдын үнү өктөм чыкты. -Эже, мен троллейбусдар токтоп калып, аябай үшүп, калдым. Колу-бутум да, тоңуп баратат?! Подъездке кирип турайынчы? Ачып коёсузбу?-деген, студенттин үнү жалооруду.
Орто жаштагы аял, өзүнүн чет мамлекетте жашаган баласын элестетип, чуркап чыкты. Студентти подъездге эмес, түз эле үйүнө алып кирди.
–Оо, Кудай тоңуп калыпсыңго! деди эне. Курсагың да ачкандыр? Деди күйпөлөктөп.
Студент уялып бир стакан ысык суу болсо эле? деди. Эне жалгыз бөлмөсүнүн ашканасына студентти олтургузуп, суунун ордуна 1 стакан ысык сүт, ысык булочка берип курсагын тойгузду. Уулунун бүктөмө керебетин алып чыгып, төшөк салып бергиче студент көшүлүп үстөл үстүндө уктап калыптыр.
Таң агарып, саат жебеси эртең мененки 8ден өтүп калган эле. Кийимчен (раскладушка) бүктөмө керебетте таттуу уктап калган студент, көзүн ачса, бөлмө тыптынч, үстөлдө сүт толтурулган стакан, үстүндө булочкасы менен, жанында алакандай барак, калемсабы менен жатат.
Тура калып жазылган катка үңүлдү – “Балам, мен адаттагыдай короодомун. Кар күрөп, короону тазалап жүрөм. Ойгонсоң жаңы сүттү ичип ал да, анан бар сабагыңа” деп, жазылыптыр. Студент, сүттү ичип алып сабагына шашып жөнөдү. Чыгып баратып кайра кайрылды да,
- “Эне, стакан сүттү эч качан унутпайм!” -деп, жазып койду.
Эне-атасынан эрте жетим калган студент; -"Энемдин сүтүн актабай калсам да, ушул эненин стакан сүтүн актаган күнгө жетсем!-деп, кыялданып кетти.
Өмүр учкан куш, баарыбыздан өтө берет. Студент да, эне да ошол бойдон көрүшпөй арадан көп жылдар агып өттү. Барын мезгил унуткартат – демекчи, унутулду.
-Шаардын борбордук клиникасына кара дарт чалып келген кемпир, көз жашын көлдөй төгүп, операцияга деген 15 миң долларды кайдан табамын? – деп, ыйлап жатты. Ооба, жалгыз уулум чет мамлекетке кеткен боюнча дайынсыз. Кабар албай деле койгон. Мага жардам берээрим да жок.
Оо, Кудай жазыгым эмнеде!? Эч кимге жамандык кылбай жакшылык тилеп, колумдан келген жардамымды пенделерге берчү элемго! Кайсыл күнөөм үчүн! деп, өксүп жатты.
Дарыгерлер ийин куушуруп, акчаңыз болбосо арзан клиниканы издеңиз деп, сооротуп, узатканга, кетиргенге аракет жасай башташты.
Ал арада операцияга кирип бараткан жаш профессор, кайра шашып чыкты. Колунда операция үчүн кезекте турган жарандардын тизмеси жазылган журнал жана оорулуунун карточкасы бар эле.
“- Ленина 1, кв. 1 деген даректен келген адамды көргөзгүлө мага?” деди, шашып? Дежурный дарыгерлер дароо кемпирдин палатасына ээрчитип киришти.
Жаш профессор – “Ыйлабаңыз, баары жакшы болот!-деп, кемпирди сооротту да, дарыгерлерге карап, энени операцияга даярдагыла!” деп, буюрду.
Эч ким түшүнгөн жок.
Бирок, олжолуу күн болду. Профессордун 2 бирдей пациенттерине жасалган операциясы ийгиликтүү өттү.
Күндөр кубалашып өтүп жатты. Кемпир операциядан кийин тез эле сакайып, бутуна турду. Аны ушунчалык жакшы карап калган дарыгерлер, жаш профессордун энеси катары кабыл алышты.
Ал эми кемпир сакайып чыккыча түшүнбөй, чыгып баратып батасын, алкышын айтып жатып, дагы бир ирет дарыгерлерден сурады, - “Мен үчүн операцияга ким төлөдү кыздарым?” – деп.
Доктурлар жылмайып туруп выписканы колуна карматышты.
Анын четинде бадырайып, калем менен жазылган кол-жазма турду:
-"Акыңыз стакан сүт менен эчак төлөнгөн эне!
Эч качан оорубаңыз!
Урматым менен студент уулуңуз!” деп жазып, жаш профессордун колу коюлган эле.
Эне кубанычтан ыйлап баратты.
Клиниканын терезесинен энени узагыча тиктеп турган, жаш профессордун көз жашы да токтобой агып жатты.
ХАДИС: "Маңдай-териң менен тапкан же мээнетиң менен чын-жүрөктөн жасаган (ихсаның) кайрымдуулугуң, Жараткандан миң эселеп кайтарылат!"
Кайрымдуу бол, Адамзат!...
PS: Бул макала Абдулла Ташиевичтин Фейсбуктагы баракчасынан алынды
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн