Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:36
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Үсөнбек Ниязбековдун өмүрүн кыйган курал снайпердик винтовкабы же АК-74пү?

18.05.2020 17:32
1118
Үсөнбек Ниязбековдун өмүрүн кыйган курал снайпердик винтовкабы же АК-74пү?


2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин резиденциясында болуп өткөн окуянын чоо-жайы аликүнчө толук иликтенип бүтөлек. Дагы деле ошол окуяда курман болгон «Альфанын» командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун кандай куралдан атылган октон каза болгону талаш маселе болуп турат.


Эске сала кетсек, 2019-жылдын 12-декабрындагы парламент отурумунда ИИМ министринин орун басары Памирбек Асанов Ниязбековго СВД (Драгунов снайпердик винтовкасы) куралынан ок атылганын айткан болчу. «Экспертиза ок СВДнын карабинасынан атылганын көрсөттү» деген ал. Ал эми министр Кашкар Жунушалиев ошол эле куралдан дагы эки адам жаракат алды деп айткан. Снайпердик винтовка Алмазбек Атамбаевге тиешелүү экени, ал сыйлыкка келген курал экени да айтылган.


Ал эми жакында эле Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев маалымат каражаттарынын бирине УКМКнын «Альфа» атайын кызматынын 53 кызматкеринин күбө катары берген сурактагы жоопторун берди. Спецназдардын көрсөтмөлөрү кылмыш ишинин матеиралдарынан алынган экен.


Көрсөтмө берген кызматкерлердин 14ү гана Ниязбековдун атылган октон жаракат алганын көргөнүн айтышкан. Калгандары Атамбаевдин үч кабаттуу үйүнүн же экинчи кабатында, же сыртта болуп калышканын айтышкан. Ошол ок тийгенин көрдүк деген спецназдардын айтымында Ниязбековго АК-74 куралынан ок жаңылган.


«Альфанын» кызматкерлери Атамбаевдин үйүнүн ичинен жакшы эле коргонуу аракетин көрүшкөнү менен анын тарапташтары, чогулган адамдар спецназдардын коргонуусун бузуп киришип, колдорундагы таш, арматуранын сыныгы сыяктуу нерселер менен чаап-уруп, тепкилешкен. Спецназдардын бир тобу 1-кабатта болсо, дагы бир тобу 2-кабатта болушкан. Көпчүлүктүн күчүнө каршылык көрсөтө албай калышкандан улам, алар жөн гана башы-көзүн катып, коргонуу менен гана алек болуп калышкан. Ошондо биринчи кабатта болгон спецназдардын дээрлик баарынын берген көрсөтмөсүндө, көпчүлүктүн арасындагы бир адам жерде жаткан АК-74 куралын алып, аны менен диванда отурушкан «Альфанын» кызматкерлерин карай ок аткан, айрымдарынын айтымында ошол убакта жерде эс-учун жоготуп жаткан Ниязбековго багыттап да эки ирет ок чыгарган.


Белгилей кете турган жагдай, көрсөтмө берген спецназдардын бири дагы Ниязбековго снайпердик винтовкадан ок катылган деген маалымат берген эмес.


Ошондо коомчулук эми кайсыл маалыматка ишениши керек? Буга чейин ИИМ айткан экспертизанын жыйынтыгы өзү чындык беле? Же дагы бир жолу экспертиза жасаш зарыл беле? 14 күбөнүн көрсөтмөсү бирдей чыгып жатканы, алардын баары АК-74 куралынан ок чыкканын көрүшкөнү экспертизанын жыйынтыгына таасир эте алат болду бекен?


Канатбек Аскаров


 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айбек
Атамбаев күнөөлүү