Бугу 10, 2024
Убакыт: 10:52
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Үстүбүздөгү жылы үйлөнгөндөрдөн ажырашкандар көбөйгөн

28.07.2021 15:07
608
Үстүбүздөгү жылы үйлөнгөндөрдөн ажырашкандар көбөйгөн

Быйыл 2020-жылга салыштырмалуу үйлөнгөндөрдүн жана ажырашкандардын саны бир кыйла өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин демография бөлүмүнүн жетекчиси Гульхумар Абдуллаева билдирди.


2021-жылдын январь-май айларында Жарандык абалдын актыларын каттоо органдары (ЖААК) Кыргызстан боюнча жалпысынан 20 315 никени каттап, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 1,6 эсеге көп экени байкалган.


Ал эми былтыркы ушул айда 12 662 нике күбөлүгү тапшырылган. Январь-май (2021) айларында никеге тургандарды аймактар боюнча карай келгенде төмөнкүчө болгон:


Бишкек шаарында – 3 681; 

Баткен облусунда – 1 686; 

Жалал-Абад облусунда – 3 964; 

Ысык-Көлдө — 1 431;

Нарын облусунда — 789; 

Ош облусунда — 4303; 

Талас облусунда — 745; 

Чүй облусунда — 2741;

Ош шаарында 975 түгөй үйлөнгөн.

Абдуллаева никеге тургандардын баарынын эле бүлөсү бекем боло бербейт, ар бир төртүнчү түгөй ажырашканын статистика көрсөтүп турарын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн