Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Уу коргошун адамды кантип өлтүрөт? Эксперт жооп берет

18.04.2021 10:37
3844
Уу коргошун адамды кантип өлтүрөт? Эксперт жооп берет


Кыргыз-Орус Славян университетинин басизтик жана клиникалык фармакология кафедрасынын жетекчиси, медициналык илимдеринин доктору, профессор Аида Зурдинова Ысык-Көл тамырын СOVID-19 илдетине каршы дарылоо үчүн колдонуу маселеси боюнча kaktus.media сайтына комментарий берди.


- Эрте менен Facebookту ачып эле, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин Ысык-Көл тамырын коронавируска каршы дарылоого болоорун, ал далилденгенин, дарыгерлер аны менен бейтаптарды дарылап жатканын жана ага биздин жетекчиликтерди да кошуу пландалып жатканы жөнүндө интервью бергенин көрдүм.

Негиздүү жооп бериш үчүн атайын отуруп алып, уу коргошун боюнча (Ысык-Көл тамырынын башка аталышы) маалымат издедим.


Албетте, орус тилдүү булактарда жана “Википедияда” так жазылат маалыматтар бар. Анда айтылгандай, уу коргошун көп жылдык уулуу дары өсүмдүктөрдүн тукумуна кирип, медицинада кеңири колдонууга жол берилбейт жана адамдын өмүрү үчүн кооптуу. Анын бардык бөлүгү абдан уулуу болуп саналат. 


Уулуу алкалоид уу коргошуну өзүнө: аконитин, мезоконитин, гипоконитин, иезаконитин, япаконитин, псевдоаконитин заттарын камтыйт. Керек болсо тарыхый булактарга көз чаптырсак, уу коргошунду ууландыруучу зат катарында колдонуп келишкен. Темирландын такыясына уу коргошун сиңдирип, ууландырып өлтүрүшкөн деген байыркылардан калган уламыш бар.  


Уу коргошун уулануунун оор белгилерин – жүрөк айлануу, кусуу, ич өтүү, дем жетпөө, денеге бүдүр чыгуу, алсыздык, дененин муздашы, жүрөкүн баттан согушу, көздүн тунаруусу жана башка белгилерди алып келет.  


Уу коргошунга ууланып өлүүнүн алдында жүрөк сенек болуп, дем алуу токтоп калат.



Дары чөптөрдүн кыйыр таасири жок деп көп сунушталат, бирок бул миф болуп саналат.  

Элдин көпчүлүгү дары чөптөргө божомолдук менен караса, кээ бир адамдар чөптү дарынын ордуна кабыл алышат. Дары чөптөр базарларда оңой табылат жана дарыгердин дайындоосу жок эле жеңил алууга мүмкүн. Бул продукциялар массалык маалымат каражаттары аркылуу кыйыр таасири жок, жомоктогудай таасир берет, деп элди өзүнө тартуу максатында жарнамалап жатышат. Кыйыр таасирине карабаган же айыгып кетүүдөн үмүтүн жоготуп бараткан бейтаптарды дарылоого сунуш кылышат.   


Натыйжада көпчүлүк дары чөптөргө ыктап, өз алдынча дарыланууну башташат. Базарларда стандартка туура келбеген өсүмдүк дарылары көп жана аларды жекиликтүү алууга мүмкүн. Анын себеби бул продукциялар базарга чыгуунун алдында тийиштүү текшерүүдөн өтпөй жаткандыгында болуп жатат.


Дары-дармек каражаттарынын чөп дарылардан айырмасы кеңири сыноолордон өтүп, бейтаптын жаш-курактарына жана салмагына жараша алардын дозалары аныкталып, анан сатыгуу чыгарылат. Ошондой эле кыйыр таасирлери буклеттерге, колдонмо баракчаларына жазылат. Чөп дарыларда мындай процедуралар жок.


Айрым дары көптөр биологиялык активдүү кошулмалардан турат жана алардын дозасы көрсөтүлгөн эмес. Бул продукцияларды саткан компаниялар ден соолукка зыяны жок экенин айтып, элдин башын айландырууга алып келишүүдө.


Биздин өлкөдө онкологиялык ооруларды дарылоо максатында “Ысык-Көл тамырын” колдонушкан өкүнүчтүү тажрыйбалар бар. Тилекке каршы, анын жыйынтыгы менен адам өлүмдөрү катталат. Биз “зейнолиевщиндерге” каршы күрөштү унуттукпу же Саламттыкты сактоо министрлиги салттуу эмес ыкмаларды жайылтып жатабы? Мында ары шаманизм, сыйкырчылык болобу?


Тарыхтан үзүндү эске салгым келет, мурдагы саламттыкты сактоо министрлигинин кабинетинде коньяктын бөтөлкөсүндө аралашма (настойка) калып калган экен, аны ошол кездеги министр билбей ичип алып, өмүрү кыйылган.


Салттуу эмес терапия жана кооптуу ыкманы жайылтуу илимий-негизделген сунуштамаларга каршы келет, мындан улам кыргыз элинин башы айланууда. Кыргызстандыктар акылдуулук менен мамиле кылышат деп ишенем. Керек болсо, COVID-19 инфекциясынын оор түрүнө кабылып, амбулатордук этаптарда антибиотиктерди кабыл алгандарга кайрадан уу коргошун сунушталса, ууланып калуусунан коркуп жатам.  


Акырында чөп дарыларды колдонгон элдерге кеңеш берип кетким келет:

 

  • - Бардык чөп дарыларды коопсуз деп эсептөөгө болбойт

  • - Өсүмдүк продукцияларында тескөөчү органдардын мөөрү, колдонуу мөөнөтү жазылган эн тамгасы болууга тийиш

  • - Эгерде сиз дарылануу үчүн дары-дармектин ордуна чөп колдонуп жатсаңыз, бул тууралуу өзүңүздүн дарыгериңизге маалымдашыңыз керек.

  • - Дары каражаттарынын ордуна өсүмдүк варфарин, дигоксин, циклоспорин, теофиллин сыяктуу өсүмдүк продукцияларын колдонуудан оолак болуңуз.

  • - Өзүнө оор металлдарды мышьяк, свинец, ртуть (уу коргошун так ушулардын катарына кирет) камтыган өсүмдүк препораттарын кабыл алуудан алыс болуңуз

  • - Кош бойлуу айымдар же бала эмизген айымдар кара кохош, ромашка, донг-квай тамыры, пиретрум, имбирь, кава-кава жана зверобойду колдонууда этият болушу керек.

  • - Чөп даарыларын кабыл алууда инструциясына карап, дозасы менен кабыл алуу керек.

 Булак: kaktus.media

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Айбек
Ал жанагы больницадан чыгарып саған анко. Орулуулар ушул акониттен дарыланган көп адамдарды билем озумдун жакындарым көп эле акылдуу боло бербегиле.ашыкча колдонсо албетте зиянын берет
Нурзат
Алсак болобу
Рысбеков
Чара коруш Керек Саткандарга Адамды уулап жатат Акмак Министр Алымкадыр Бейшеналиев Чон Апам ошонун айынан отуп кетти