Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Уу коргошунду ичүүгө шоу жылдыздары кандай карашат? Ырчылардын жообу (фото)

21.04.2021 17:49
3289
Уу коргошунду ичүүгө шоу жылдыздары кандай карашат? Ырчылардын жообу (фото)


Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелде коронавирусту “Ысык-Көл тамыры” деп аталган уу коргошун менен дарыласа болоорун жарыялап, түз эфир аркылуу аралашманы ичип көрсөткөн эле. Аны кантип даярдоо керек экенин ага президент Садыр Жапаров андан мурун 15 күн көрсөтүп берген.


Ошол күндөн бери коронавирус жуктуруп алып, ооруканада жаткан бейтаптарга дарыгерлер тарабынан бул ачытма берилип жаткан. Ошол эле маалда өз алдынча ичкен учурлар катталган. Натыйжада аралашманы туура эмес ичүүдөн улам ага ууланып, ооруканаларга түшкөн бейтаптар катталган. Расмий маалыматтар боюнча, Бишкек шаарында уу коргошунга уулангандардын саны бүгүн, 21-апрелге карата 4 адам болду.


Ал арада министрдин коомчулукка жайылтуу аракетине каршы чыгып, анын дарегине нааразы пикирлер айтылып баштады. Аны менен катар Жогорку Кеңештин айрым депутаттары министр Алымкадыр Бейшеналив бул кылыгы менен токтоосуз отставкага кетиши керектигин талап кылды. Ошондой эле кээ бир укук коргоочулар Министрликтин алдына барып, нааразычылык акциясын өткөрүп, эч кандай клиникалык текшерүүдөн өтпөгөн салттуу эмес ыкманы сунуштап, элди адаштырууга алып келип жатканын айтып, сындашты.


Буга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги бул маселе боюнча шоу бизнес жылдыздарынын пикирине кызыгып көрдү.


КР эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова: Элдик ыкмада дарыланып көргөн эмесмин

- Уу коргошунду ичүүгө мен өзүм каршымын. Табыптарга барып же болбосо ушул сыяктуу элдик ыкманын негизинде дарыланып көргөн эмесмин. Рецебин жакшы билбегендер үчүн кооптуу экенин мезгил көрсөтүп жатат. Себеби, ууланган бейтаптарды угуп атабыз. Ар ким өз ден соолугу үчүн өзү кам көрүп, кайдыгер мамиле кылбашы керек, деп ойлойм. Сөзсүз түрдө иликтеш керек, чала угуп алып, өз алдынча дарылануу – өзүнө өзү шалаакылык мамиле кылган болуп саналат.  


Ырчы Кайрат Примбердиев: Ууланган адамдарга ким жооп берет?

- Уу коргошун клиникалык жактан далилденбесе, анда ага кантип ишенсе болот? Элдик ыкма менен салттуу медицинаны аралаштыруу эч эле болбойт деп ойлойм. Мен мисалы, табыптарга барып көргөн эмесмин, андайларга ишенбейбиз дагы. Анткени, кандай медик болбосун анын тажрыйбасы жана сертификаты болуш керек. Татыктуу деңгээлде билим алууга тийиш. Чала-бучук бир нерсени уга калып, чөптөн дары жасай калып, элге сунуштоо – туура эмес нерсе. Бул дарынын жайылышына себепчи болгон мамлекет башчысы Садыр Жапаров, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эртеңки күнү уулануудан каза болуп калса ким жооп берерин билишкен жокпу? Азыр министрге ишенип туруп, канча киши ичип жатышат. Алар эч кандай анализ жүргүзүшкөн жок да. Балким бирөөнө жагат, бирөөнө жакпайт, ошол эле аралашманы ичип алып, өлүп калса ким жооп берет?      


Ырчы Роза Шакирова: Мурун уу коргошундан өлүп же ууланган эмес

- Уу коргошунду илгери укчумун, ичкендерин да көрчүмүн. Бирок ууланган да эмес, өлүп да калышкан эмес. Аны орду менен кайнатып, туура дозасы менен ичип, элдик табыптардын көрсөтмөсүнөн чыгышчу эмес. Азыркы медицина аны кандай колдонуп жатат, билбейм. Жеке мен өзүм чөптү көп колдоном, өзүм жыйнап алам, дайыма чөп чай ичем. Уу коргошун деле чөп, бирок ал уулуу болгондуктан ыкмасы менен ичиш керек. Кимдир бирөөнүн ашказаны оорушу мүмкүн, кимдир бирөөнүн кан басымы жогору болушу мүмкүн. Ошондой адамдарга берсе болобу, болбойбу аныктап туруп, сунушташ керек эле. Баары бир өтө кооптуу, себеби эч жери оорубаган адамдын өмүрүн алышы мүмкүн. Чындап илдетти айыктырабыз деген ниет болсо, атайын окуудан өтүп, жол-жобосун жакшылап үйрөнүп анан бериш керек.


Репер Добр: Уу коргошундан айыккандарды көрсөм ичкенге неге болбосун?

- Уу коргошун боюнча көп маалыматым жок экен. Бирок сөзсүз түрдө практикадан өтүш керек деп ойлойм. Эгерде менин жакындарым же тааныштарым ичип, айыгып кеткенин көрсөм эмнеге колдонууга болбосун? Кээде элдик ыкманы деле жокко чыгарууга болбойт. Мисалы, койдун майын илгертен бери жаш балдарга, же сууктап калган адамдарга колдонуп эле келе жатабыз да. Мусулманчылыкта деле, байыркы кыргыз элинен калган ырым-жырымдар, ыкмалар калган. Мисалы, сөөл же тибиртке чыкканда өзүнүн салттуу ыкмалары менен ырымдап коюшкан же чөптүн түрлөрү менен дарылашкан. Бирок албетте, уу коргошунду колдонууда зыяны тийип калуусунан абайлаш керек.   


Ырчы Гүлнара Калдарова: Министр айтты деп эле иче бербеш керек

- Мен мисалы, уккан нерсенин баарын эле кыла бербейм. Кандай чөп болбосун кээ бир адамдын ден соолугуна жагат, кээ бир адамга жакпайт. Сөзсүз түрдө дарыгердин кеңеши менен ичиш керек деп ойлойм. Министр айтты деп эле интернеттен угуп алып эле иче берүү терс көрүнүш. Элдик табыптарга караганда, салттуу медицинага көбүрөөк ишенем. Милдеттүү түрдө билими бар дарыгерлердин көрсөтмөсү менен дары-дармектерди алып ичүүгө аракет кылам. Кандайдыр бир жарнамалардын негизинде көрүнгөн нерсени алып иче бербейм. Дозасын билбей ичип алып, ууланып аткандары өкүнүчтүү. Ошондуктан жарандарыбызды ден соолугуна кайдыгер мамиле жасабай, туура кам көрүүгө чакырат элем.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн