Бугу 15, 2024
Убакыт: 18:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Уулдуу болгонун майрамдаган. Ошто куралдан ок аткан жарандар аныкталды

04.11.2022 10:43
347
Уулдуу болгонун майрамдаган. Ошто куралдан ок аткан жарандар аныкталды

Ош шаарында куралдан ок чыгарып видеосу тараган жарандар аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан редакциябызга кабарлашты.


Маалыматка караганда, 2022-жылдын 3-ноябрь күнү инстаграм интернет тармагында белгисиз атуулдар ок атып жатканы боюнча видео тасма таратылган. Ал видео боюнча тийиштүү чара көрүү үчүн материал 2022-жылдын 3-ноябрь күнү Ош ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Тасмадагы ок атуучу куралдан ок чыгарышкан атуулдарды тактоо максатында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү (ЭММКАК) кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.


Иш-чаранын жүрүшүндө ок аткан жарандар такталып, алар Ош шаарынын тургундары 24 жаштагы А.А., жана 29 жаштагы Н.П., аттуу жарандар тергөөгө камсыз кылынган. Ошол эле учурда алардан далил буюм катары KRAL ARMS XPS W TAKTIKAL үлгүсүндөгү бир даана ок атуучу куралы жана газо пневматикалык бир даана ок атуучу тапанча, 2 даана ок атуучу куралдары алынган.


Териштирүүнүн жүрүшүндө аталган жарандардын ок чыгаргандардын себеби тергөөгө алынып келген жарандардын бири уулду болгондугун түшүндүргөн.


Бул окуя Ош шаарында болгондуктан топтолгон материал караштуулугу боюнча Ош шаардык Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берүү каралууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн