Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Уулуңуз машина менен бирөөнү сүзүп кетти. Баткендик тургундарды алдап ири суммада акча котортуп алган жаран кармалды

27.03.2023 16:25
401
Уулуңуз машина менен бирөөнү сүзүп кетти. Баткендик тургундарды алдап ири суммада акча котортуп алган жаран кармалды

20 жаштагы жаран Баткен облусунун жашоочуларын алдап, акча каражаттарын котортуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.


Баткен районунун Самаркандек айылынын жашоочусу 50 жаштагы А.А. 15 жаштагы уулунун уюлдук телефонуна белгисиз жаран чалып, “Жездең болом, мен бирөөнү машина менен койдуруп кеттим, мага тезинен 120 миң сом акча котор” деп чалгангандыктан, ага өзү жашаган айылдагы терминалдан 50 миң сом акча которуп, ал эми калган 70 миң сомду Баткен шаарындагы терминалдан которгондугун билдирип, кийин алданып калганын билгенден кийин, 2023-жылдын 9-март күнү милицияга кайрылган. 


Ушул эле жылдын 5-март күнү Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын тургуну 37 жаштагы С.З. телефонуна белгисиз жаран чалып, “Уулуңуз бирөөнү машина менен сүзүп салды, биз келишип алдык, ошондуктан тезинен 50 миң сом которуңуз” деп айткандыктан, ага терминал аркылуу акчаны которуп, кийин сураштырса алданып калгандыгын билип, милицияга арыз менен кайрылган. 


Бул фактылар Баткен жана Лейлек РИИБдүн КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Баткен ОИИБдин жана Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 2023-жылдын 17-март күнү Чүй облусунун Москва районунун Беловодский айылынын тургуну, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 20 жаштагы С.Р. экендиги аныкталды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн