Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:14
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Уурдаган 24 телефонду чет өлкөгө сатууга аракет кылган жаран кармалды

16.05.2022 15:40
723
Уурдаган 24 телефонду чет өлкөгө сатууга аракет кылган жаран кармалды


 Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жарандардын мобилдик телефондорун уурдоого шектүу катары Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну, Ош шаарында убактылуу жашап турган, 1985-жылы туулган У.М. кармалды. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


 Ал 13-май күнү Ош шаарында 28 жаштагы келиндин 13500 сомдук «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун сумкасынан уурдай качып, бирок изи сууй электе кармалган. 

   Аны кармаган учурда жанынан жабырлануучу кыздын телефонунан башка дагы 24 мобилдик телефондор табылган. Шектүү бул телефондордун Ош жана Бишкек шаардарынан уурдаганын билдирип, моюнуна алган. Ал телефондорду Кыргыз Республикасында башка жарандарга сатуу өзү үчүн кооптуу экендигин эске алып, коӊшу өлкөгө сатуу ниети бар болуп жүргөндүгүн билдирген.   

   Учурда шектүүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) белгилери менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн коншу өлкөлөргө уурдалган телефондорду сатып өткөрүү схемасын, башка кылмыштуу шериктеринин өздүктөрүн аныктоо боюнча ыкчам иштер алынып барылат. Кимде ким бул шектүүдөн жабыр тарткан болсо 102 же 0556-04-04-00 номерлери аркылуу байланышып коюшуӊуздарды суранабыз. 


Сүрөттө: кармалган шектүү жана жанынан табылган жабырлануучуларга таандык телефондор

                                 

                          

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн