Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Уурдап кетип акча талап кылган. Россияда мекендештерин каракчылык менен тоногон жарандар кармалды

02.12.2022 17:04
310
Уурдап кетип акча талап кылган. Россияда мекендештерин каракчылык менен тоногон жарандар кармалды

Россияда мекендештерине каракчылык менен кол салган төрт кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандары укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо менен кылмыш жасаган адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча чараларды көрүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. 


  2022-жылдын 27-ноябрында саат 03:00 чамасында Россиянын Владимир облусунун Покров шаарында белгисиз адамдар темир жол бекетинин жанындагы бөлмөгө кирип, ал жерден каракчылык менен кол салышкан. Кол салгандар Жалал-Абад облусунда 1999-жылы туулган К.уулу Н. аттуу тургунун сабап, жанындагы 60 000 рубль жана уюлдук телефонун тоноп кетишкен. Ал эми Ош облусунун 1992-жылы туулган У.уулуУ. аттуу тургунун болсо байлап, күч колдонуп “Hyundai Solaris” үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Кийин алар опузалап акча талап кылышканда туугандары анын банк картасына 50 000 рубль акча каражатын которгондон кийин, Москва шаарынан аны коё беришкен.

 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде токтоосуз чараларды көрүп, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен бирдикте маселени иштеп чыгып, жогорудагы факты боюнча келип түшкөн арыз полициянын аймактык бөлүмүнө катталган. Россиянын ИИМдин Владимир облусунун Петушинский району боюнча тергөө бөлүмү белгисиз адамдарга карата Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 2-бөлүмүндө «Каракчылык» көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча кылмыш ишин козгогон.


Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул мыйзамсыз аракетти жасаган адамдардын жүргөн жерин аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. 30-ноябрда кылмышка шектүүлөр бараткан унаа токтотулуп, пневматикалык тапанча жана болжол менен жабырлуунучуну видеого тарткан телефон да табылып, алынган.


 Жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектүү катары Кыргызстандын төрт жараны кармалды.

- 1996-жылы туулган А.уулу К., Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну;

- 1998-жылы туулган П.Ч., Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну;

- 2000-жылы туулган И.уулу Х., Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну;

- 2001-жылы туулган О.уулу М., Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну.

 Учурда жогорудагы адамдарга карата жүргүзүлүп жаткан алдын ала тергөө учурунда камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Учурда иликтөө жүрүп жатат.


Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучу менен айрым шектүүлөрдүн ортосунда карыздык мамиле болгон. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү мыйзам бузуулар жана мыйзамсыз аракеттер барган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Мыйзамды билбегендик, кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн