Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Увазир жакшы – хан жакшы. Азыркынын “увазирлери” кандай иштешүүдө?

18.06.2021 10:44
1630
Увазир жакшы – хан жакшы. Азыркынын “увазирлери” кандай иштешүүдө?


Увазир жакшы – хан жакшы. Эзелтен ушундай болуп келген. Айкөл Манас баатырдын да жанында акыл кошчусу, адашып бараткан жолун түздөп туруучусу – Бакай болгон. Анын даанышмандыгы, көрөгөчтүгү хан Манаска дайыма ийгилик алып келип турган. Чачылганды жыйнап, бүлүнгөндү бүтөгөнгө Бакайдай акылмандын, кырк чородой тайманбас баатырлардын салымы чоң эле.


Бүгүн бизде президенттин колуна кол, бутуна бут болуп бере ала турган көрөгөч вазирлери барбы? Мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү кызматтар боюнча алып караганда президенттин учурда эки вазири бар. Алардын бири министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, экинчиси президенттик администрация башчысы Сүйүнбек Касмамбетов. Бул экөө президенттин ишмердүүлүгүнө кандай боек берип келишет?


Адегенде өкмөт башчылыгына, андан кийин министрлер кабинетинин төрагалыгына келген Улукбек Мариповго азыраак болсо да элдин үмүтү бар эле. Жаш кадр экен, жаш болсо да мамлекеттик кызматтарда аздыр-көптүр такшалып калыптыр деген баа берилген. Ырасында эле ал 2001-жылдан тарта мамлекеттик кызматтарды аркалап келет. Адегенде финансы министрлигинде алдыңкы катардагы адис (ведущий специалист) болуп эмгек жолун баштап, губернатордун жардамчысы, депутаттын консультанты, президенттик администрацияда эксперт, мамлекеттик инспектор, президенттин жардамчысы, президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, Эсептөө палатасынын төрагасы сыяктуу кызматтарды ээлеген. Ушул жылдын февралында премьер-министр болуп дайындалып, 5-майдан тарта министрлер кабинетинин төрагасы болуп келет.


Кайсы бир кызматка келген кадрдын дарамети 2-3 айда эле билинет. Ал эми Мариповдун өкмөт башчысы болгонуна (министрлер кабинетинин төрагалыгы деле ушул рангада эмеспи) беш айга чукулдап барат. Бирок, эл күткөндөй натыйжа көрүнө элек. Эң эле жөнөкөй маселелер чечилбей, күздө дагы кымбатчылыктын күчөшүнө жол ачкансып отурат. Маселен, дыйкандар үчүн сугат суу маселесин чечүүдө. Бул маселени чечүү үчүн сөзсүз түрдө эле айдоо аянттарындагы дан эгиндеринин күйүп кетишин күтүш керек беле? Өз убагында бардык чараларды көрүп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, иштин аткарылышын катуу көзөмөлгө алып койсо болмок.


Азыр Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы Европа өлкөлөрүнөн да жогору болуп кетти. Семичке майы эки эсе кымбаттады. Сабиздин баасы 100 сом болду. Картошка 60 сомго чыкты. Эттин баасы 50%ка кымбаттады. Бензиндин баасы улам 3-4 күн өткөрүп 50 тыйындан кошулуп жатып, учурда АИ-92 үлгүсү 50 сом 90 тыйын деп турат. Ушуну менен эле токтоп калбай, июнь айынын аягына чейин дагы кымбаатай турганы айтылууда. Ал эми айыл чарба министрлиги «Күзүндө азык-түлүктүн баасы 70%ка кымбаттайт» деп билдирип турат.


Эмнеге ушул көрүнүштөрдүн баарына Улукбек Марипов жетектеген министрлер кабинети кайдыгер гана карап турат? Эмнеге кымбатчылыкты ооздуктоо багытында пландарды түзүшпөдү? Эмнеге сугат суу маселесин өз убагында чечпеди? Өзүнүн шалаакы болуп жатканын мойнуна алып, эми натыйжалуу иштейбиз дегендин ордуна кайра «Мен сиз сунуштаган кадрды дайындабай койгон үчүн ушинтип жатасыз да» деп парламентте депутаттар менен айтышып отурат.


Айтор, ал мамлекет башчысы Садыр Жапаров үчүн жакшы вазир болуп бере алган жок. Ал мындай жогорку мамлекеттик кызматты аркалаганга бышып жетиле электигин көргөздү.


Ал эми президенттик администрация башчысы Сүйүнбек Касмамбетов өткөн жылдын октябрь айынан бери Садыр Жапаровдун «оң колу» болуп жүрөт. Тактап айтсак, ал 2020-жылдын октябрында ошол убакта президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругу менен мамлекет башчысынын аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган. Учурда президенттик администрация башчысы.


Сүйүнбек Касмамбетовдун да мамлекеттик кызматтарда тажрыйбасы мол. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары, жетекчиси, Убактылуу өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары сыяктуу кызматтарга чейин көтөрүлгөн. Бирок, анын деле бүгүнкү күндө президенттин ишмердүүлүгүнө жетиштүү күч бере албай жатканын айтып коюу керек.


Бир сөз менен айтканда, азыр президент Садыр Жапаров бардык түйшүктү өзү жалгыз гана тартып, кайсыл жагына жетишерин билбей турган абалда. Идея берип, демилге көтөрүп, шыктандырып турган вазирлери жок болуп турат. Балким, Улукбек Марипов менен Сүйүнбек Касмамбетов «аз эле убакыт болду го» дешээр, бирок ошол аз убакыттын ичинде байкалышы керек болгон аракеттери да жок болуп жатпайбы.  


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн