Кулжа 16, 2024
Убакыт: 23:32
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун кимдер ала алат?

10.03.2021 12:10
2448
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун кимдер ала алат?

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпулду алуунун жол-жоболорун маалымдайт.

Кайсы үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун ала алат?

  • 16 жашка чейинки балдары бар;
  • Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, б.а. 1000 сомдон төмөн болсо.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо үчүн кайда кайрылуу керек?

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек, муну менен катар катталган жери мааниге ээ эмес.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынат?

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо эске алынат:

  • айлык акы, стипендия;
  • ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде);
  • жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынбайт?

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт:

– пенсиянын бардык түрлөрү;

– мамлекеттик жөлөкпулдар;

– сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар;

– кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар;

– жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар жана башкалар.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу кандай өлчөмдө дайындалат?

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмү 810 сомду түзөт.

Эгерде үй-бүлө райондук коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу, алыскы же жетүүгө кыйын жерде жашай турган болсо, анда жөлөкпул коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоо үчүн кайсы документтер керек?

  • паспорт;
  • балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
  • үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси тууралуу маалымат;
  • банктык маалымдаректер.

Эгерде тиешелүү мамлекеттик органдардын маалымат базасында керектүү маалматтар жок болсо, кошумча төмөнкү документтер талап кылынат:

  • жердин өлчөмүн жана түшүмдүүлүгүн көрсөтүү менен жердин барлыгы тууралуу маалымкат;
  • мал чарбасынын түрү жана саны тууралуу маалымкат;
  • статусту же кирешени тастыктоо зарылдыгына жараша башка документтер.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоого ким кайрыла алат?

Ата-эненин бири (же камкорчу). «Үй-бүлөгө көмөк» бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө, дайындалат, бала 16 жашка чыкканга чейин гана!

Көңүл буруңуз!!! Эгерде бала толук мамлекеттин камсыздоосунда болсо, анда ага жөлөкпул дайындалбайт.

Дайындалган «үй-бүлөгө көмөк” кайдан төлөнөт?

«Үй-бүлөгө көмөк» банк аркылуу, ал эми банк жок болгон калк отурукташкан пункттарда – почта бөлүмдөрү аркылуу төлөнөт.

Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Адилет Мамбетаипоов
Мен жумушсузмун
Nazgul
Менин 5 балам бар эптеп бир демселерди эле айтып чурката беришет экен бербештин жолун табышат экен документ сурагандар
Мырзакеримова Шахразада
Мен эшигиме бала таштап кеткен, багып алгам 7 чыкты, мен эч жерде иштебейм, өзүм 52 чыктым. Балама пособие бербейт, бизге берилеби берилсе жакшы болмок, машина малал кир машина жок
Акматалиева Нуржамал
Биз Кара Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылында жашайбыз.3 балабыз бар жолдошум да мен да иштебейбиз.Бирок жөлөк пул алалбайбыз.Себеби жолдошум үйлөнгөнгө чейин машинасы болгон экен ал эми азыр жок .Ошол машина жолдошума катталган экен ал машина 2013-жылдары эле сатылып кеткен экен ошол себептүү балдарга пасобия чыгара албай жүрөм Кантсем болот жардам бериңиздерчи?