Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Үй-бүлөлүк китеп окуу конкурсу жарыяланды

27.03.2020 17:39
1221
Үй-бүлөлүк китеп окуу конкурсу жарыяланды


Билим берүү жана илим министрлиги “Атам, Апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең” деп аталган үй-бүлөлүк китеп окуу саамалыгын жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, китеп окуу саамалыгына ар бир кыргызстандык үй-бүлө катыша алат.


Министрлик балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жана ата-энелерге ылайыктуу китептердин тизмесин сунуштайт. Ата-энелер күн сайын балдары менен биргеликте китеп окушат жана окуган китеби боюнча үй-бүлөлүк талкуу уюштурушат. Окуп бүткөн китебинен алган таасирлери боюнча кыскача эссе жазышат жана аны үй-бүлө мүчөлөрүнө окуп беришет.


Катышуучулар китептин мазмуну жөнүндө жазган эссенин текстин фейсбук баракчасына #үйдө_китеп_окуйбуз деген хэштег менен жайгаштырышат


Мындан сырткары активдүү катышкан үй-бүлөлөргө белектер ыйгарылат. Эң активдүү катышкандарга Билим берүү жана илим министрлиги "ОКУРМАН ҮЙ-БҮЛӨ" номинацияларын тапшырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн