Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров маалымат жыйында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандарды укук коргоо органдарына кайрылууга чакырды. Ал зомбулукка баргандар тийиштүү жазаларын алыш керек экендигин айтат.
“Карантин убагында үйдө көп болуп жатканына байланыштуу үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күчөп кетти. Эрежелерди сактап, мындай маселелерди болтурбоого аракет кылыңыздар. Эгер зордук-зомбулукка кабылгандар болсо кайрылыңыздар. Биз тийиштүү органдарга чалып, тез арада чараларды көрүп, териштирип, маселени тийиштүү органдар менен чечкенге жардам беребиз”, - деди Молдокадыров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн