Бугу 07, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Уйдун этине болгон баа көтөрүлдү

09.04.2020 17:48
1384
Уйдун этине болгон баа көтөрүлдү

Улуттук статистикалык комитети азык-түлүктүн негизги түрлөрүнө болгон бааларга карата күн сайын мониторинг жүргүзүп турат. Ага ылайык, 8-апрелде республика боюнча уй этинин орточо баасы 360,42 сомду түздү, ал эми 2-мартта 1 кг уйдун эти 351,09 сом болчу.

8-апрель күнү эң жогорку баа Балыкчы шаарында катталып, 370 сомдон сатылган. Ал эми февраль айында 1 кг эт орточо 350 сомду түзүп жаткан.

Ушул тапта уй этине болгон эң эле арзан баа Ноокат шаарында түзүп жатат, ал жерде 330 сомдон сатылууда. 


Бишкек шаарында кечээ, 8-апрелге карата 1 кг уй эти 365,58 сомду түздү. Бул бир ай ичинде же 2-марттан бери 10 сомго кымбаттаганын билдирет.  


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн