Үй камагына чыгарылган Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов кайра кызматына келип отурду. Бул тууралуу активист Ыдырыс Исаков Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
"Эсиңердеби? Раимбек Матраимовдун бир тууганы, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов шайлоого бир апта калганда өргүүгө чыгып кеткен эле.
Анан шайлоодон кийинки башаламандык учурунда ал чекараны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн Өзбекстанда кармалганы кабарланган. СИЗОдо отурган сүрөтүн да көргөн элек. Ошондон көп өтпөй Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган эле.
Тилек Матраимов азыр үй камагында эмес. Акимдик ордуна кайра келип, эшигине өзүнүн атын кайра кактырып, иштеп баштаганын Кара-Суудан кабарлашты.
Төңкөрүш куттуу болсун!", - деп жазган ал.
Пикирлер (7)