Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 04:23
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Үй карантиндеги 33,6 миң адам көзөмөлдөн чыгарылды, дагы 26,6 миң адам бар

19.04.2020 11:09
1130
Үй карантиндеги 33,6 миң адам көзөмөлдөн чыгарылды, дагы 26,6 миң адам бар


Бүгүнкү күндө үй карантинге алынган жарандарга байкоо жүргүзүү үчүн республика боюнча 255 мобилдик бригадалар иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Анын курамы үй-бүлөлүк дарыгер, эпидемиолог жана медайымдан турат. Анын ичинен 40 бригада Бишкек шаарында көзөмөл жүргүзөт.


Свердлов районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Жыргалбек Савданбековдун айтымында, алардын району боюнча март айынын аягынан тарта 950 адам медициналык байкоодон өткөн.


Мобилдик бригадар чоӊ жумуш аткарды, үй карантиндегилерге байкоо жүргүзүү оңой иш эмес. Жарандар байланышка чыккысы келбеген учурларда кыйынчылыктар жаралат, себеби толугу менен атайын коргоочу кийимчен бригада кошуналарынын тынчсыздануусун жаратат. Бирок медиктер кол куушуруп калбайт. Алсак, бүгүнкү күндө байкоодо 43 гана адам калды, калгандары эки жолку чыккан таза жыйынтыктан кийин байкоодон алып салынды”, - деп билдирди Жыргалбек Савданбеков.


Үстүбүздөгү жылдын март айынын аягында мобилдик бригадалар түзүлгөндөн бери медициналык кызматкерлер үй карантинден 33 661 адамды чыгарышып, азыркы тапта республика боюнча жалпы 26 671 адам көзөмөлдө турушат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн