Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:05
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Үй карантиндегилер уюлдук телефонуна мобилдик тиркеме жүктөөгө тийиш

04.06.2020 13:01
1038
Үй карантиндегилер уюлдук телефонуна мобилдик тиркеме жүктөөгө тийиш


Үй карантининдегилерди көзөмөлдөө үчүн алардын бардыгынын уюлдук телефонуна мобилдик тиркеме жүктөлүшү керек. Мындай тапшырманы тармактык мамлекеттик органдарга премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди. 


Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, муну менен катар биринчи вице-премьер-министр карантиндик эрежелерди эске алуу менен туристтик сезонго даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.

«Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туристтик сезонго дыкат даярдык көрүүгө тийиш. Даярдык иштери вирустун жайылышын алдын алуу чаралары менен коштолууга тийиш. Бул багыттагы иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыгышы зарыл», - деди Кубатбек Боронов.

Ал аймактар аралык коомдук транспорттун иши жанданарын эске салып, бир облустан экинчи аймакка өтүп жаткан ар бир жүргүнчүнү катуу көзөмөлгө алуу керектигин кошумчалады.

«Вирустун жайылышын алдын алуу үчүн башка облустарга кирип жаткан жарандарды көзөмөлдөө иши күчөтүлгөн тартип жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тармактык мамлекеттик органдар менен биргеликте аймактарга барып жаткан ар бир жаранды тизмектеп, телефон номерлери жазыла турган китепче ачуу керек», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн