Өлкөдө үй карантиндин эрежелерин бузгандар бар. Бул тууралуу 24-апрелдеги брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында тартипти бузгандар дароо эле аныкталат.
“Үй карантинине жайгаштырганда алар жоопкерчилик алып чыгат. Бирок ага карабастан бирин экин тартип бузгандар болуп жатат. Биз алар тууралуу тартип сакчыларына маалымат берип, коменданттарга өткөрүп берүүдөбүз. Мындай учурлар обсервация учурунда да катталат. Биз өз учурунда реакция жасап, тийиштүү чараларды көрүүдөбүз”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн