Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Үй карантинин бузган 6 жаран жоопкерчиликке тартылат

28.04.2020 14:22
1003
Үй карантинин бузган 6 жаран жоопкерчиликке тартылат

 

Үй карантинин бузган 6 жаран административдик жоопкерчиликке тартылышат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирген.

 

Маалыматка ылайык, Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесине ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандар үчүн 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул каралган.

 

Мындан тышкары штабдын жыйынында атайын мобилдик тиркеме аркылуу дагы 151 адамдын үй карантини режимин бузгандыгы аныкталган. Алар боюнча тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлөрү айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн