Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 07:18
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Үй карантининде жаткандарды онлайн көзөмөлдө системасы ишке кирди

13.04.2020 11:01
951
Үй карантининде жаткандарды онлайн көзөмөлдө системасы ишке кирди


Үй карантининде болууга милдеттүү болгон жарандарга мониторинг кылуу системасы ишке кирди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам шатабдан билдирди. 


Маалыматка ылайык, атайын ресурс жана мобилдик тиркеме үй карантинине (инфекцияны жуктурган эмес) жайгаштырылган адамдарга карата гана колдонулат. Тиркеме карантин мезгилинде тийиштүү милдеттенмеге кол койгон жарандын ыктыярдуу макулдугу менен телефонуна орнотулат.


Ошондой эле, мобилдик тиркеменин иш алып баруусу адамдарга медициналык кызматкерлердин ден соолугунун абалы тууралуу маалымат берет. Ошондой эле, тиркеме бейтаптардын ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүп, дарыгерлердин ишине жеңилдик берет. Ал эми, үй карантиндеги адамдар шашылыш учурда жана ден соолугу начарлап кеткенде, шашылыш SOS белгидеги баскычын колдонууга мүмкүндүгү болот.


Мындан сырткары, бул ресурс жана андагы маалыматтар конфиденциалдуу болуп, кызматтык колдонуу үчүн гана арналган. Мониторинг системасына мамлекеттик органдар тарабынан өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдеринин кесепеттерин жоюу жана болтурбоого жооптуу деп белгиленген чектелүү гана адамдар кире алары айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн