Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти Дональд Трамп Америкадагы жетишпегендиктерге Россияны айыптай берүүнү токтотууну сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, Трамп колдоочулары менен болгон жолугушуусунда өлкөнүн өнүкпөй жатканына башканы айыптоонун кереги жок экенин айткан.
"Кайсы өлкө менен мамиле кылуу эң кыйын? Россия мененби, Иран мененби, Түндүк Корея мененби, же Кытай мененби? Жок, АКШ менен.
Анткени АКШ өзүндөгү жетишпегендиктерге дайыма Россияны айыптап келет.
Муну токтотуп өз алдынча өнүгүүгө түшүш керек. Уят!",- деди Трамп.
Ошондой эле, мурдагы президент кийинки президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн