Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 21:51
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Үйгө уурулукка кирип кармалып калган жаран боюнча милиция маалымат таратты

07.03.2023 15:11
493
Үйгө уурулукка кирип кармалып калган жаран боюнча милиция маалымат таратты

Аламүдүн районунда үйдүн ээси ууруну кармап алды.


Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 6-март күнү белгисиз жаран Аламүдүн районуна караштуу Ак-Жар жаңы конушунун үйлөрүнүн бирине, эч ким жоктугунан пайдаланып үйдүн кулпусун сындырып, ичине кирип, үй окаттарын чачып жаткан жеринен үйдүн ээси К.Т. тарабынан кармалган. Качып кетпесин деп бакка байлап, милиция кызматкерлери келгенде өткөзүп берген. 


Аталган окуя Аламудун райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 37-205-беренесинде (Уурулук кылууга аракеттенүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон. 


Кармалган жарандын өздүгү такталып, ал мурун сот жообуна тартылган 1990-жылы туулган М.Э. аттуу жаран экендиги аныкталып, шектүү катары убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кошумча текшерүү учурунда Аламудун районунда болгон бир нече уурулук фактысына М.Э. дагы катыштыгы бар экендиги такталды.

Учурда тергөө улантылууда



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн